• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттолуучу отурум жабык болсун деп өтүндү

14 Бештин айы 2018 12:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV

Биринчи Май райондук сотунда мурунку прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумда соттолуучу  ЖМК  жана каза болгон жарандын туугандары үчүн процессти жабык болсун деп өтүндү.  Ал чоочун бирөөлөрдүн көзүнчө көрсөтмө берүүдө ыңгайсыз болуп жатканын айтты.

Прокурор жана жабырлануучу тарап буга каршы болду.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөнатып кетишкен. Кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алышкан эмес.

Булак: «24.kg» агенттиги

Количество просмотров: 56