Бүгүн, 13-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук отурум жабык өтүп жатат. Жараянга журналисттер киргизилген жок.
12-июлда өткөн процессте айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган эмес. Анда үч күбө суралып, бирөө келбей калгандыктан кийинки отурум бүгүнкүгө жылган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир нече күн мурун ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дээрлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.