• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

“75чилердин каты”. Сот кайра жабык каралмай болду

22 Кулжа 202611:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Соттук отурум убагында прокурорлор сотту кайрадан жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди.

Сунушту Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдоду.

Ал эми айыпталуучулардын бири Курсан Асанов каршы чыгып, жараянды ачык өткөрүүнү талап кылды. Ишти карап жаткан судья Асановду сөздү укпай тартипти бузду деген негизде аны сот залынан чыгарды.

Жыйынтыгында судья ишти жабык кароо чечимин кабыл алды.

Количество просмотров: 19