• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бүгүн блогер Элмир Сыдымановдун соту болот

12 Жетинин айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун ишине байланыштуу соттук отурум уланат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Сыдымановго карата психиатриялык-психологиялык-лингвистикалык комплекстүү экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынып, со анын жыйынтыгы чыккандан кийин улана турганы айтылган.

Кошумчалай кетсек, Элмир Сыдыманов  «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча 17-февралда камакка алынган болчу.

Блогердин камалышына буга чейин «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жаратканы себеп болгон. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 66