• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

12 Бирдин айы 2024 16:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте 2023-жылдагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өттү.

Бул жылы сынакка катышуу үчүн 65 журналисттик иликтөө келип түшкөн.

Жеңүүчүлөр:

1-орун «Некс ТВ» жана Арча медианын» журналисттери даярдаган» «Жапа чеккен аймак, жалдырган үмүт» аталышындагы иликтөөсүнө ыйгарылды.

2-орун «МедиаХабдын» журналисттери Асел Шамилова, Асан Джанталиев, Айгүл Абласова, Хамидулло Узаковдор даярдаган «Элди тоногон каржы пирамидалар» аталышындагы иликтөөгө тапшырылды.

3-орун «Азаттыктын» журналисти Элеонора Бейшенбек кызы даярдаган «Чүй дарыясы жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды» деп аталган иликтөөсү үчүн берилди.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө — 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн 34 жашка чыкмак.

Количество просмотров: 176