Журналист Айке Бейшекеева ушул жылдагы эл аралык Free Press Awards сыйлыгына татыктуу деп табылды. Бул эл аралык уюм Айкени «Жылдын жаңы адамы» деп тааныган.
«Айке жаштыгына карабастан журналистика анын тагдыры экендигин көрсөттү. Бийликти кыянаттык менен пайдаланууну ачыкка чыгарууга байланышкан опурталдыкты өз башынан кечирди. Катуу кысымга карабастан, ал абакта отурганда да көз карандысыз журналистика жана басма сөздүн эркин болуу принциптерин коргоп келди. Бул сыйлык ага дагы кыргыз элине так маалыматтарды жеткирүүнү улантууга шык берет деп үмүттөнөбүз», — деп айтылган эл аралык уюмдун сайтында.
23 жаштагы Айке Бейшекеева Temirov Live долбоорунун журналисти. Ушу жылдын январында башка он журналист менен чогуу камакка алынып, бир катар айыптоолор коюлган. Арадан он ай өткөн соң, ал айыптуу деп табылып, калган мөөнөтүн пробацияда өтөө менен эркиндикке чыгарылган.