Бир эле дарекке миңден ашык адамдын каттоого турганы бул кылмыш. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.
«Биз жарандарыбызды каттоого тур же турба деп айта албайбыз. Ал ар бир адамдын өз эрки. Бирок, бир эле дарекке миңден ашуун адамды каттоо кылмыш. Муну уюштурган дагы, каттаган киши дагы жооп бериш керек. Бул иштин үстүнөн укук коргоо органдары тыгыз иштеп, шайлоонун алдында мындай иштерге чекит коюу керек. Эгер ушундай жол менен шайлоодо утабыз дегендер болсо, ошол партияга да чара көрүү керек», — деди эл өкүлү.
Эске салсак, буга чейин Ошто бир үйгө 1300 адам каттоого турганы тууралуу маалымат чыккан болчу.