Улуттук банк кыргызстандыктарды алдамчылардан сак болууга чакырды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, бүгүнкү күндө белгисиз адамдар өздөрүн мобилдик байланыш операторлору, Улуттук банк же укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары көрсөтүп, жарандарды алдоого аракет кылып жатышат.
Алар “Түндүк” порталы аркылуу сиздин жеке маалыматтарыңыз сыртка чыгып кеткенин айтып, чочулатуучу жалган маалыматтарды таратышат. Андан соң, сиздин атыңызга кредит алынганын айтып, акчаңызды «коопсуз эсепке» которууну сунушташат.
Улуттук банк бул – алдамчылык экенин эскертет! Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз, эч качан бейтааныш адамдарга акча жибербеңиз. Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз.
Эскерте кетсек, Улуттук банк;
Эгер алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз:
Кошумча маалымат алуу үчүн Улуттук банктын коомдук кабылдамасына кайрылсаңыз болот: (312) 61-04-86