• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуттук банк Кумтөрдөн алтын сатып ала элек

21 Бугу 2021 10:31 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк «Кумтөрдөн» алтынды сатып алуунун жол жобосу боюнча билдирүү таратты. «Кумтөрдөн» алтынды сатып алуу боюнча суроо-талаптарга ылайык Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк жана Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүп чыгарылган алтынды сатып алуу боюнча артыкчылык укугуна ээ. Алтын валюта резервинин көлөмүн толуктоо саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү алтын өндүрүүчү ишканалар тарабынан сунушталган алтынды улуттук валютага гана туруктуу негизде сатып алып турат. Бул операциялар «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн башкы макулдашуунун чегинде гана жүргүзүлөт. Кыргызалтын» ачык акционердик коому белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтындын кезектеги партиясын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу менен Улуттук банкка кайрылган. Азыркы учурда аталган сунуш белгиленген тартипте каралып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Кумтөр голд компанинин» убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк компания Улуттук банкка алтындын алгачкы партиясын 29 миллион долларга сатканын айткан.

«Өндүрүлгөн алтынды Улуттук банкка сата баштадык. Мындан ары биздин алтын мурдагыдай болуп Швейцарияга чыгарылбайт, өлкө ичинде болот. Улуттук банк менен 29 миллион сомдук келишим түзүлүп, кечээ биринчи партиясын саттык. Ал каражат жакынкы күндөрү биздин эсепке түшөт. Эки айдын ичинде кырдаал жөнгө салынып, андан ары айына 50 миллион долларлык алтын чыгарып турабыз», — деди Бөлтүрүк.

Количество просмотров: 182