• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Улуттук банк «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» карата жаңы коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды

28 Баш оона 2018 11:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.
КРнын Улуттук банкы бүгүндөн тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынан «Улак тартыш» күмүш жана жез-никелден даярдалган коллекциялык монеталарын, ошондой эле «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Кыргыз боз үйү» жез-никель коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгара баштады.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Улак тартыш» коллекциялык монетасы улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылып, турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна арналганын Улуттук Банктын өкүлдөрү билдирди.
Ошондой эле  Чолпон-Ата шаарындагы  банктарга дагы жүгүртүүгө чыгарып, чет өлкөлүк конокторго ылайыктуу кылгандарын кошумчалашты. 
Алсак, «Улак тартыш» күмүш жана жез-никелден даярдалган коллекциялык монеталар номиналы 10 сом, нускасы 1000 даана чыкса, баасы 2900 сом. Ал эми «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Кыргыз боз үйү» жез-никель коллекциялык монетасынын номиналдары 1 сом болсо, алардын нускалары 5000ден чыккан, баасы 700 сом жана 450 сомдон коюлган.

 

Количество просмотров: 29