• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Улуттук банк жаңы коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды

5 Жетинин айы 2019 11:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 5-ноябрдан тартып «Кыргыз каганатынын доору» аттуу коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Улуттук банктын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакирова билдирди.

Анын айтымында, «Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган.

Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргыз Республикасынын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу жазылган. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө «Кыргыз кумурасы / Kyrgyz vase» жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген, — деди ал.

Кошумчалай кетсек, күмүш тыйындар 2 миң даана, жез-никель тыйын 5 миң даана болуп чыгарылып, тыйындын  баасы 2650 сом, ал эми жез-никель монетасы 380 сом турат. Ошондой эле күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Количество просмотров: 121