• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улуттук банк жарандарды этият болууга жана азгыруучу сунуштарга ишенбөөгө чакырат

28 Теке 2022 15:02 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк жарандарды этият болууга жана азгыруучу сунуштарга ишенбөөгө чакырат.
Социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, бардык муктаж болгон адамдарга каалаган суммада жана төмөн пайыз менен насыя берүүнү сунуштаган алдамчы адамдар пайда болду.

Өз кезегинде, алар банктык комиссия катары белгилүү бир суммадагы акчаны алдын ала төлөөнү суранышат. Мындан тышкары, карыз алуучудан жеке маалымат берүү менен онлайн анкета толтурууну өтүнүшөт.

Улуттук банктан белгилешкендей, бул алдамчылык аракеттердин бир түрү, мындай аракеттин максаты сиздин жеке маалыматтарыңызды алуу болуп саналат.

Кандай шарт болбосун жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз!

Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз.

«Шектүү «кайрымдуу адамдарга» кайрылам деп, сиз ири суммадагы акчадан кол жууп калышыңыз мүмкүн. Бардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!» — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 244