• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улуттук банкынын Дата борбору ишке киришти

17 Үчтүн айы 2020 20:45 Бишкек Govori.TV

 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (КРУБ) барды.

Мамлекет башчысы КРУБнын Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (Дата борбору) иши менен таанышты.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов КРУБ Дата борбору дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун тастыктамалоосунан өткөн Борбордук Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков банк секторун санариптештирүү өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири жана санариптик экономиканы куруунун ажырагыс бөлүгү экенин өзгөчө белгиледи.

Дата борборунун ишке кириши Улуттук банктын санариптештирүүнүн алкагында кошкон зор салымы экендигин баса белгиледи.

«Мындай масштабдуу долбоордун жергиликтүү компания тарабынан ишке ашырылганы абдан кубандырат. Биздин АйТи-адистерибиздин дарамети чоң, эгерде зарыл колдоо болсо, алар көптөгөн долбоорлорду ишке ашыра алышат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Дата борборунун ишке кириши жалпы эле банк системасынын маалыматтар менен алмашуу коопсуздугун жогорулатарын кошумчалады.

«Эң негизгиси, Дата борборунун ишке кириши жарандарыбыздын банк системасына болгон ишенимин арттырат. Ошондой эле региондордогу жана элетте жашаган калк үчүн банк жана финансы кызматтарын көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенем», — деп баса белгиледи Президент.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Дата борбору Улуттук банктын негизги милдеттерин аткаруу — төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, банк көзөмөлү алкагында банк отчеттуулугун алуу жана иштеп чыгуу системасынын, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну уюштуруу системасынын, банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөөсүн камсыз кылуу ж. б. үчүн иштелип чыкка .

«Дата борбору бардык төлөм системаларын модернизациялоого, калкыбызга көптөгөн жаңы санариптик продукцияларды берүүгө мүмкүндүк берет. Эң башкысы — Дата борборун ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздап, банк секторун санариптештирүү боюнча жаңы амбициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонууга өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Бул Дата борбору эң жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана үзгүлтүксүз иштөө жөндөмдүүлүгү менен айырмаланары белгиленди.

Бардык негизги системаларды кайталоо (дублирование) электр кубаттуулугу өчүп калганда Дата борборунун жабдууларынын чектелбеген мөөнөткө үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат. Бул өлкөнүн банк жана төлөмдөр системаларынын ишинин туруктуулугун бир кыйла жогорулатат.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында үстүбүздөгү жылы бир катар маанилүү иш-чаралар пландалганын билдирди. Мамлекеттик каттоо кызматы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети сыяктуу тийиштүү түзүмдөр менен жарандар үчүн алыстан идентификациялоо кызматын көрсөтүү боюнча пландар талкууланып жатканын маалымдады. Эгерде бул ишке ашса, жарандар чөнтөк телефону аркылуу өздүгүн аныктап, мамлекеттик жана финансылык кызматтарды ала алышат. Долбоорду пилоттук ишке ашыруу алты айдын ичинде башталып, 2020-жылдын аягына чейин толук ишке киргизүү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү менен маектешүү учурунда банк секторунун, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагындагы көрсөткүчтөрүн оң баалады. Бул багыттагы ишти улантуу жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Региондордогу кайра иштетүү өнөр жайын колдобосок, жумуш орундарын түзбөсөк жана экспортту көбөйтпөсөк, миграцияны кыскарта албайбыз. Биз каражаттарды экономикага, чет элдик рынокко чыгаруу үчүн ата-мекендик продукцияны кайра иштетүүгө салышыбыз керек. 2019-жылы айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо дээрлик 29-30%га өстү, бул региондорду колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын үзүрү. Региондорду өнүктүрүү саясаты мындан ары да күчөтүлөт», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков жана финансы ресурстары өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Количество просмотров: 105