• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди

7 Тогуздун айы 2021 8:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинг компаниясы» Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди.

Анда мындай деп айтылат:

«Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда. Аймактын бул энергосистемасы ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн электр энергиясын ыкчам түрдө өз ара жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу октябрь айынын башынан бери Тажикстандын энергетикалык системасынан электр энергиясы алына баштаган. Импорттолгон электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын лимиттен ашкан бөлүгүн камсыз кылууну шарттайт.

Тажикстандан алынып жаткан электр энергиясы Борбор Азиянын Бириккен энергетикалык системасынын алкагындагы макулдашууларга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн».

Количество просмотров: 190