• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улуттук энергохолдинги жоюлат

24 Үчтүн айы 2023 17:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында күз-кыш мезгили аяктагандан кийин Улуттук энергохолдинг жоюларын энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Эл өкүлдөрү «Электр станциялары» ААК менен «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын талкуулашты.

Эл өкүлү Эмил Токтошев Энергетика министрлиги менен Улуттук энергохолдинг кандай иштеп жатканына кызыкты.

«Кандай иштейсиңер, бири-бириңерге байланышпайсыңар, милдеттерди кантип бөлүштүрдүңөр? — леди Токтошев.

Чиновниктин айтымында, учурда Энергохолдингди жоюу маселеси каралууда.«Эки бөлүмдүн болушу кошумча чыгым. Ошондуктан министрлик иштейт», — деп жооп берди Таалайбек Ибраев.

Белгилей кетсек, Энергохолдинг өкмөттүн 2016-жылдын 6-январындагы токтому менен түзүлгөн. 2018-жылы да депутаттар Улуттук энергохолдингди жоюну сунушташкан.

Количество просмотров: 261