• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги жоюлду. Чыгымдарга ким жоопту?

6 Бештин айы 2022 19:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги жоюлушуна 700 миллион сом талап кылынары белгилүү болду. Мындай көлөмдүү акчаны сарптап жоюлуп жаткан холдингдин ишин сындаган депутат, Дастан Бекешов ага каралган 3 миллиард сомду бюджетке кайтарылышы тууралуу маселени сурады.


Финансы министринин башчысы Алмаз Бакетаев төмөндөгүдөй жообун айтты.


«Жалпысынан 2022-жылдын башынан тарта «Улуу көчмөндөрдүн мурасын» 3,4 млрд сомго капиталдаштырабыз. Булардын ичинен биз иш жүзүндө 100% бюджетке кайтарабыз. Бирок милдеттенмелерди жабуу үчүн 700 миллионду калтырып жатабыз. Бул салык органдарынан 600 миллион сомго жакын суммадагы дооматтар – холдинг өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өнүктүрүүгө лицензия алган. Ошондой эле Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдында 11,8 миллион сом суммасында милдеттенмелер бар. Ошондой эле эмгек акы, ижара акысы жана башка төлөмдөр боюнча 20 миллион сомдон 30 миллион сомго чейин милдеттенмелер бар”


“Улуу көчмөндөрдүн мурасын” түзүү 2021-жылдын 14-декабрында белгилүү болгон. Холдингдин негиздөөчүсү Каржы министрлиги болуп саналат. Аталган министрликке эмне үчүн холдингдин иши токтотулуп жаткандыгы тууралуу кайрылганыбызда, маалымат кызматчысынан «Холдинг жоюлуп жатат, биздин айтарга эч нерсебиз жок»,-деген жооп алдык.


Дастан Бекешев холдингди түзүүгө жана жоюуга ким жооп берерине кызыккан. Бирок, суроосуна жооп айтылган эмес.


Министрлер кабинети түшүндүргөндөй, улуттук холдинг президенттин тоо-кен тармагын реформалоо боюнча жарлыгы менен түзүлгөн. Холдинг Кыргызстандын бардык стратегиялык тармактарын бириктирип, аны жергиликтүү мамлекеттик компаниялар гана иштетмек. А бирок бир жыл өтпөй бул холдинг ишин токтотту. Буга эмне себеп болгонун министрлер кабинети мындайча түшүндүрөт.


«Бүгүнкү күндө «УКМ» УХК» ААКсы ишкердик ишти же акционер катары юридикалык жактарды башкаруу боюнча ишти жүргүзбөйт.
«УКМ» УХК» ААКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун өзүнчө бөлүгү, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу. Учурда бул долбоорлорду «Кумтор Голд Компани» ЖАК өзү, «УКМ» УХК» ААКнын катышуусуз ишке ашырып жатат. Башка долбоорлор «УКМ» УХК» ААК тарабынан ишке ашырылбай калууда жана аларды андан ары ишке ашыруу үчүн негиздер жок.
Буга байланыштуу «УКМ» УХК» ААКсынын мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес деп саналат»,-дейт министрлер кабинетинен.


Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин борбору республикалык бюджетке кайтарыла турганын билдирген. Ал холдингдин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк камакта болгондуктан долбоор мындан ары өнүгө албашын айткан. Бул тууралуу серепчи өз пикири менен бөлүштү.


Улуттук холдинг кеңсесин айына 50 миң долларга ижарага алып жатканын депутат Жеңишбек Токторбаев июнь айындагы парламент жыйынында сындаган.


Мамлекеттик компания бул имаратка улуттук холдингдин кызматкерлеринин саны көбөйгөндүктөн көчүп келгендигин айткан менен ижаранын чыныгы баасын ачыктаган эмес. Алар ошондой эле «жаңы кеңсеге көчүү бюджетти түзүүчү ишкананын чыгымдарын олуттуу көбөйтпөйт, тескерисинче, эффективдүүлүктү жана кирешени жакшыртат» деп ишендиришкен.


Аталган холдингти жетектеген Теңгиз Бөлтүрүктүн алган маянасы дагы асман чапчыган өлчөмдө экендиги кабарлаган. Жыйынтыктап алганда жаңы имараттын ижара акысына жана айлык маянага кеткен чыгымдардын эсеби суралабы деген суроо жаралат.

Количество просмотров: 254