• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук госпиталда 300 орундуу травматология бөлүмү ачылды

15 Жалган куран 202218:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда 300-350 орундуу травматология бөлүмү ачылды. Анын ачылышына катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бөлүм демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирди. Демөөрчүлөр арасында өзүнүн баласы бар экенин кошумчалады.

Буга чейин бөлүм мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борборуна караган.

4-февралда министр аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштаган. Андан бери бир нече жолу жетекчи алмашып, Памир Муратов 14-февралда башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 171