• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаев камакта калды

19 Баш оона 202416:34 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди камакта калтырды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Соттун чечимине ылайык, анын камактагы мөөнөтү 19-сентябрга чейин узарды.

Эске салсак, УКМК кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алгандан кийин кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып коюлганы кабарланган.

Карабаев буга чейин Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жасарын айтып чыккан.

Количество просмотров: 110