• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Темирлан Султанбеков камакта калтырылды

2 Бештин айы 202410:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 2-декабрда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

Ошондой эле «Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырылды.

15-ноябрда райондук соттун чечими менен «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камакка алынган.

Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 111