• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Улуттук кардиохирургия институтундагы өрттөн каза болгондор жаш балдар болгон

12 Бирдин айы 202510:10 Бишкек Govori.TV

Жүрөк хирургиясы институтунда өрттөн 1 жаш 7 айлык бөбөк менен 16 жаштагы өспүрүм көз жумган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча, Улуттук кардиология борборунун жандандыруу бөлүмүндө азыр 11 бейтап жатат. Анын төртөө балдар, экөөнүн абалы өтө оор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, каза болгондор жасалма дем алдыруучу аппаратта болушкан.

Эске сала кетсек, өрт тууралуу маалымат саат кечээ, 11-февралда 21:00дөр чамасында түшкөн. Окуя болгон жерде алты өрт өчүрүү бригадасы иштеген. Өрт саат 23.15те толугу менен өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, өрт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 672