Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси Акпай Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Директордун милдетин убактылуу аткаруу УКМКнын тез жардам, кардиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Медет Бейшенкуловго жүктөлдү.
Бүгүн аны Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жамаатка тааныштырган.