• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Улуттук крокодилдер». ТИМдин Дипломатиялык Академиясынын кафедра башчысы сынга калды

29 Бугу 2023 10:19 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясынын кафедра башчысы Айнур Жоробекованын айткан сөздөрү кызуу талкуу жаратууда.

Жоробекова эл аралык форумда тил маселесине токтолуп, «Медиа боюнча айтсак, толук Орто Азия үчүн жооп бербейм. Бирок бизде орус тили расмий тил катары Баш мыйзамда жазылган. Кыргызстандын аймагынын 90 пайызына спутник таркайт. Кыргыз жана орус тилинде билим берген мектептер дээрлик тең чамалуу. «Улуттук крокодилдердин» каалоосуна каршы жогорку окуу жайларда окутуу орус тилинде жүргүзүлүп келет»,-деген ал.

Количество просмотров: 432