Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова “улуттук крокодил” деп айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.
“Улуттук крокодил» деген бул бир улуттун кишилери эмес, тил жөнүндө эмес. Бул түшүнүк эксперттердин чөйрөсүндө коомчулукту козгогондорго колдонулат. Ал жерде Борбор Азиядагы орус тилдүү диаспоралардын абалы жөнүндө суроо болгон»,-деген ал.
Социалдык тармактарда буга чейин Айнур Жоробекованын айткан сөздөрү кызуу талкууга жем таштап, анын дарегине сындар айтылган.