• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Улуттук крокодилдер»… Жоробекованы жазалоо маселеси депутаттарды бөлдү

1 Кулжа 2023 13:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбекова бүгүн, 1-июнда парламенттин жыйынында Дипломатиялык академиянын окутуучусу Айнур Жоробекованы кызматтан алуу тууралуу чечимге ашыкпоо боюнча сунушун айтып, өз пикирин билдирди.

«Ал өзү кечирим сураган. Депутаттар аны кызматтан алууну сунуштап жатышат. Биз анын кандай патриот экенин билебиз. Буга байланыштуу мен аны жумушуна калтырууну сунуштайм», — деди ал.

Ал эми депутат Камила Талиева кесиптешине «адвокат болбогула» деген талап менен жооп берди.

«Ал бала вундеркинд болсо да кыргыздарды шылдыңдап жатат. Ошондуктан аны жоопко тартып, жумуштан кетириш керек. Биз ушуну талап кылабыз! Унчукпай отура берсек, эртең кайра чыгышат», — деди ал.

Эске салсак, Жоробекова буга чейин форумда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын ЖОЖдорунда орус тилинде билим берүү “улуттук крокодилдерибиздин” нааразычылыгына карабай басымдуулук кылып жатат деген. Андан соң бир катар депутаттар Жоробекованы кызматтан алуу талабын коюшткан.

Количество просмотров: 105