Бүгүн футбол боюнча кыргыз курама командасы журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынга курама команданын машыктыруучусу Максим Лисицын, курама команданын капитаны Валерий Кичин катышты.
Алар эртең, 15-октябрда Түндүк Кореянын курама командасы менен боло турган мелдеш тууралуу айтып беришти. Ошондой эле буга чейинки болуп өткөн оюндардагы кемчиликтер тууралуу да ойлорун ортого салышты.
Команданын капитаны Валерий Кичин ар бир оюн абдан маанилүү экендигин, эртеңки оюнда футболчулар өз үйүндө ойной тургандыктарын андыктан таблицаны өзгөртүүгө аракет кылышаары тууралуу айтты. Команданын маанайы жакшы экендигин, эртеңки оюнга толук даяр экендигин да кошумчалады.