• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталат

17 Үчтүн айы 2023 16:43 Бишкек Govori.TV

Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, улуттук олимпиада 4 этап менен  өткөрүлөт.

I этап – январь (онлайн режимде)

II этап – февраль (онлайн режимде)

III этап – март (офлайн режимде)

IV этап – апрель (офлайн режимде)

«Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондой эле окуучуларга Улуттук олимпиадага жана республикалык олимпиадага дагы катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 217