• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Омутай Егимбаев каза болду

18 Аяк оона 2020 9:21 Бишкек Govori.TV

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Омутай Егимбаев 101 жашында дүйнө салды.

Омутай Егимбаев 1919-жылдын 5-майында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында туулган.

1937-жылы Пржевальскидеги зооветеринардык техникумун аяктаган. Өз эмгек жолун ошол эле жылы Чаткал районунун башкы ветеринардык врачы катары баштаган, андан соң Сузак районунун ветеринардык участогунун башчысы болуп иштеген. 1939-жылдын октябрь айында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, 1946-жылдын июнь айына чейин кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, экинчи топтогу майып болгон.

Советтик Армиянын катарынан демобилизацияланган соң Кыргыз ССР Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун БК пропаганда бөлүмүнүн инструктору болуп иштеген. Кыргыз ССР КП БК караштуу Республикалык партиялык мектепти аяктаган соң, 1952-жылы Кыргызстан Компартиясынын БК партиялык бөлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, бөлүм башчынын орун басары болуп бекитилген.

1955-1958-жылдары Москва шаарындагы КПСС БК караштуу Жогорку партиялык мектепте билим алган, окууну аяктаган соң Талас облусунун Киров райком партиясынын биринчи катчысы болуп шайланган. 1962-жылкы КПСС БК март айындагы Пленумунун чечими боюнча Кыргызстандын КП БК бюросу Омутай Егимбаевди Токмок шаардык Чыгыш-Чүй өндүрүштүк башкармалыгы боюнча компартиянын БК парторгу кылып жөнөткөн, ал жерде 1962-1963-жылдары иштеген. БК парторгдор институту жоюлган соң, 1963-жылы Чүй-Токмок райондук аткаруу комитетинин төрагасы, андан соң 1964-жылы Кемин райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.

1968-1985-жылдары Омутай Егимбаев Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин аппаратында кадрлар боюнча улук референт болуп иштеген. 1985-жылдын сентябрь айынан тарта өзгөчө салымы үчүн персоналдык пенсионер болуп саналат.

Эмгек ишмердүүлүгү үчүн Омутай Егимбаев Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы жана Грамотасы менен сыйланган. Ал эки ирет  Жогорку Советтин 5 жана 6-чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Советтин сессиясынын чечими боюнча бюджеттик комиссиянын төрагасы болуп шайланган. Ошондой эле Кыргызстан Компартиясынын БК мүчөсү, мүчөлүгүнө кандидат жана БК Ревизиялык комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.

Персоналдык пенсияга чыккан соң 17 жыл бою Бишкек шаардык Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлер кеңешинин мүчөсү, Кеңештин Президиумунун Ардактуу мүчөсү болгон. 1993-жылдан тарта Омутай Егимбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кеңешинин Иш башкармалыгынын эмгек жамаатына караштуу Ардагерлер кеңешинин төрагасы болгон.

Омутай Егимбаев — каарман-жеңүүчүлөрдүн муунунун жаркын өкүлү. Мыкты жеке адамгерчилик сапаттары, эмгекчилдиги, фронттогу, кызматтагы жана жашоодогу талыкпас тажрыйбасы аркылуу ал жалпыбызга чыныгы кайратмандыктын жана патриотизмдин үлгүсү болуп келген.

Омутай Егимбаевдин жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Калиева Г. У. Дуйшембиев Р.С., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Мадумаров А.К., Эсеналиев Д. А., Темиралиев Т.А.,  Сагынбаев Д. К., Бекбоев Т.Б.,  Тердикбаев Э.Дж.,  Саргазаков К.С., Косатых В.А., Ибраев М.И., Абытов А.А., Осмоналиев А.Ш., Мамаев Р.Д., Жээналиев А.Ж., Жанузаков А.К., Суракматов А., Саккараев М.С.

Количество просмотров: 58