• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров менен Ташиев футбол ардагерлеринин беттешинде оюн көрсөтөт

30 Баш оона 2022 12:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта болгон футбол командаларынын маалымат жыйынында кабарланды.

Белгилей кетсек, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, 18:00дө башталат. Футболдук беттештин өзү 20:00дө башталат.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 1006