• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II элчи Эдил Байсаловду кабыл алат

14 Жетинин айы 2019 15:04 Бишкек Govori.TV

Биз Брекзиттен кийин Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даярбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-британ мамилелеринин динамикасын жогору баалап, Улуу Британиянын үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоодон кийин түзүлө турган кийинки өкмөтүн кыргыз тараптын эки жактуу алакаларды өнүктүрүүдөгү жаңы демге умтулуусун колдоого жана келерки жылдын жазында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри баштаган делегациясын кабыл алууга чакырды.

Кийинки аптада Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду Улуу Британиянын Королевасы Елизавета II кабыл аларын белгилеген Кубатбек Боронов Улуу Даражалууга кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жылуу каалоо-тилектерди жолдоду.

Количество просмотров: 64