• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги кытайлык компания менен кызматташат

27 Баш оона 20229:36 Бишкек Govori.TV

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы менен кытайлык СНМС улуттук компаниясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу холдингдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-августунда кытайлык СНМС оор машина куруу улуттук компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

«Тараптар тоо-кен казуу, гидроэнергетика жана логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү макулдашты», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 122