• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Умбеталиев: «Атамбаевдин убагында мыйзамсыз ташылган көмүр алигиче токтой элек»

28 Баш оона 201916:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

«Прогресс компанинин» мураскери катары айтылып жаткан «Рассвет компани» Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден бери деле жыл сайын Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу тендерине катышып, утуп келе жатканы маалым. Бул компанияга байланыштуу былтыр күзүндө дагы тендер чатагы чыгып, бирок ал жеңүүчү катары ордун сактап калган. Анда көмүрдү 70 миллион сомго арзан баада сунуштаган “Евротранс групп” компаниясы “Рассвет компани” фирмасына каршы доомат койгон. Бирок кийин соттон “Рассвет компанинин” пайдасына чечим чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта эксперт Расул Умбеталиев маалымат жыйындан соң билдирди.

Количество просмотров: 28