Умбриэль Темиралиев инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрдин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Темиралиев буга чейин «Project Financial Center» («Проектный финансовый центр») ААКтын төрагасы кызматын ээлеп келген.