Умбриэль Темиралиев КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Темиралиев Умбриэль Темиралиевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.