Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.
Кытайдын Гуандун провинциясынын Тяньхэ районунун Гуанчжоу шаарында жогорку ылдамдыкта келген унаа бир канча кишини сүзүп, 13 адамды тепсетип кеткен. Бул тууралуу ТАСС маалымат булагы жазды.
Белгилүү болгондой, жол чырактын кызылы жанып турганына карабай, унаа жөө жүргүнчүлөр тилкесинен өтүп бараткан адамдарды сүзүп, эки унаа менен кагышкан. Кырсык боюнча унаанын айдоочусу кармалып, ал 45 жаштагы аял болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылган.