• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Унаа» мекемесинин 17 кызматкери иштен алынды

22 Чын куран 2022 17:28 Бишкек Govori.TV

ИИМдин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнүн 2022-жылдын 1-чейрегиндеги жыйынтыгы чыгарылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыктары боюнча «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун айрым кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонулуп, 20 сөгүш жана 13 эскертүү жарыяланды, 17 кызматкер менен эмгек келишимдер токтотулду, жалпы – 50 тартиптик жазалар колдонулду

2022-жылдын 1-чейрегинде транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоодо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө мыйзамдарды бузуу боюнча фактылар «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин тарабынан табылып, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына 3 факт, материалдар өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 4965