Сузак окуясы боюнча бир катар милиция жетекчилери кызматтан алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2-май күнү Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ички иштер иштер министрлигинин кызматкерлери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 (он эки) кызматкер тартиптик жазаларын алышты.
Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.