• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ошто мушташка аралашкан УКМК кызматкерлери иштен алынды

10 Үчтүн айы 2023 10:21 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында мушташка аралашкан УКМК кызматкерлери кызматтан алынды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 2-январында Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде КР УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча, УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү, натыйжада, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн, бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. 

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 153