• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Унаа» мекемесинин директору Алымжан Козубаев кызматтан алынды

13 Бирдин айы 2020 9:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13 февралда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен «Унаа» мекемесинин директору Алымжан Козубаев кызматтан алынды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазды.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу өкмөткө «Унаа» мекемесинин директорун ээлеген кызматын ордунан бошотууну сунуштаган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча этаптуу иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганын баса белгилеген.

Мындан тышкары укук коргоо органдары тарабынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иш козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылган. Ал эми Алымжан Козубаев сотко чейинки өндүрүштүн өзүнчө материалдары боюнча өтүп жатат.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунун жыйынтыгында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин системалуу коррупцияны жоюуда деталдуу планды ишке ашыруу боюнча иши канааттандырарлык эмес деп табылган.

Количество просмотров: 189