• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Унаа» мекемесинин кызматкери пара менен кармалды

27 Чын куран 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара талап кылуу») боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. ортомчу Б.Ш.Ж. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. жана ортомчусу Б.Ш.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 147