• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Унаа токтотуучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду

11 Жетинин айы 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында унаа токтотуучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, аталган жайда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө саат 06:48де Бишкек шаардык N7 ӨККБдан 1 бөлүм тартылып, саат 07:34дө чектөөгө алынган. Толугу менен өрт саат 08:06да өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1970-жылы туулган Н.В. аттуу эркек каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 207