Унаа ичинде белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылган жаш кыз дайынсыз болуп, апасы арызды июнь айында жазган. Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей милиция кызды кечээ кечинде тапкан.
Маалыматта айтылгандай, 14-июндан бери дайынсыз болуп жаткан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну — 16 жаштагы кыз Ноокат районунан табылган.
Эске салсак, 26-июлда интернетте белгисиз эки адам жашы болжол менен 15-16 жаштагы кызды коркутуп, он миң сом акчаны кайда коротконун сурап, кызга кол көтөрүп жаткан видео тараган.
Териштирип, иликтөөлөр аркасында видеодогу кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени аныкталды. Кыздын өз үйүнө барып сураганда апасы 14-июнь күнү 05.00 чамасында 2005-жылы туулган С.Г. аттуу кызы үйдөн чыгып кеткен бойдон табылбай жатканын айткан, ал бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында катталып, кыз изделе баштаган. Акыры ал Ош облусунун Ноокат районунан табылып, апасына эсен-соо өткөрүлүп берилди, деп айтылат маалыматта.