• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Унаанын айнегин акы төлөп караңгылатуу сунушу жактырылды

15 Үчтүн айы 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда автомашинанын алдыңкы айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүчү долбоор жактырылды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 14-январда билдиргендей, машинанын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүү каралган мыйзамды өзгөртүү долбоору колдоо тапты.

Төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө тартибин мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер кабинети аныктай турганы белгилүү болду.

Уруксат берүү демилгесин Экономика жана коммерция министрлиги көтөрүп чыккан. Министрлик белгилегендей, айнекти караңгылатууга тыюу эрежеси иштебей келет жана рейд учурунда андай машиналар көп кармалууда.

Количество просмотров: 657