• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Унаанын таш-талканы чыккан. Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

20 Бугу 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. бул тууралуу Милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майга караган түнү болжол менен саат 00:40 чамасында 1997-жылы туулган Ж. Н. аттуу айдоочу А. Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй Кранды башкарып бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан 1998-жылы туулган Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы БМВ 530 үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада БМВ 530 үлгүсүндөгү унаадан 2 жаран жабыркап ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 10023