Унаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүүчү мыйзам долбоору жактырылса, анын акысы 1 жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 8-февралдагы жыйынында билдирди.
«Автоунаа терезелерин караңгылатуу акысы 30-50 миң сомдун тегерегинде болот деп жатабыз. Уруксат кагазы бир жылдык мөөнөткө берилет. Машинаны саткан учурда жаңы ээси мөөнөтү бүткөнчө айдап жүрө берет, эгер кийинки жылга караңгылатуу акысын төлөбөсө, сыйрып таштайт. Биз Казакстан менен Тажикстандын практикасын карап жатабыз», — деди Амангелдиев.
Долбоор боюнча каптал айнектерди караңгылатууга такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга уруксат берилбейт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу башкармалыктын билдирүүсүндө, 2021-жылдын 11 айында алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга карата 2,5 миңдей протокол түзүлгөн. Кыргызстанда учурда автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Эрежени бузгандарга 5,5 миң сом айыппул салынат.