• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Унаасын чимирилте айдаган жаранга 7500 сом айып салынды

25 Үчтүн айы 202311:49 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 22-январь күнү Манас простпектисинде белгисиз айдоочу «Мерседес-Бенц 55» үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаада, жолдун ортосунда унаалардын кыймылына коркунуч жаратып унаасын айлантып айдаган видеосу интернет булактарында тараган.

«Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы «Мерседес-Бенц 55» үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаасынын мамлекеттик белгиси жана айдоочусу такталып, автохулганство жазсагандыгы үчүн 22 жаштагы айдоочусуна, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгү менен 7500 сомго айып протоколу толтурулуп, унаасы атайын айып короосуна токтотулду»,-деп атылат маалыматта.

Количество просмотров: 343