• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

«Урал аба жолдору» Тажикстанга пландалган каттамдарынын көбүн аткарган жок

22 Жалган куран 2022 16:32 Бишкек Govori.TV

21-мартта «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Орусиянын шаарларынан Душанбеге пландалган алты каттамдын бирөөнү гана (Москвадан) аткарды.

Калган беш каттам – Москванын «Жуковский» аэропортундагы үч жана Екатеринбург, Челябинск шаарларындагы бирден каттам аткарылган жок.

22-март күнү эртең менен «Урал аба жолдору» Уфа, Самара, Екатеринбург жана Москва шаарларынан Душанбеге пландаган дагы төрт каттамды ишке ашырган жок.

«Урал аба жолдорунун» расмий сайтында авиакомпания 22-мартка белгиленген Ростов-на-Дону, Екатеринбург, Сочи жана Москва шаарларынан Душанбеге дагы беш каттам аткарбай турганы жазылган. Мындан тышкары компаниянын Челябинск, Екатеринбург, Ростов-на-Дону жана Минеральные воды шаарларынан Хожент шаарына пландалган каттамдары токтотулганы кабарланды. Азырынча «Урал аба жолдорунун» расмий өкүлдөрү бул абал боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Орусиялык авиакомпаниялар Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды киргизгенден кийин көйгөйлөргө туш болууда. 5-мартта «Сибирь» авиакомпаниясы Тажикстанга бардык каттамдарын токтоткон. Мындан улам жүздөгөн тажик мигранттары Тажикстан менен Орусиянын шаарларындагы аэропорттордон уча албай калышкан.

Количество просмотров: 202