• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Урмамбетов: Жымжырттык күнүндө үгүт иштерине байланышттуу 43 факты катталды

28 Жетинин айы 2021 10:51 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы жымжырттык күнүндө үгүт иштерине байланышттуу 43 факты катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, жымжырттык күнүндө партия жана талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

“Добуш сатып алуу жана баннерлерди туура эмес илүү боюнча маалыматтар келип түшкөн. Учурда алар териштирилүүдө. Жыйынтыгын жакын арада чыгарабыз”, — дейт ал.

Количество просмотров: 58