• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

USAID аркылуу чет өлкөлөргө көрсөтүлүп келген жардамдын 90% ашыгы токтотулду

27 Бирдин айы 202517:30 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу чет өлкөлөргө көрсөтүлүп келген жардамдын 90% ашыгын токтотту. Бул тууралуу «Ассошиейтед пресс» агенттиги журналисттеринин колуна тийген документтерге таянып жазды.

Администрация жарыялаган бул кыскартуулардан кийин USAID’дин саналуу гана долбоорлорун калтырат. Учурда бул долбоорлорду сактап калууга аракет кылып жаткан тараптар соттошууда.

Документте АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ар бир программаны өзүнчө карап чыгып, улуттук кызыкчылыкка жана тышкы саясатка туура келбеген программаларды токтотуу чечимин кабыл алганы жазылган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 217