• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Усенов Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болду

30 Кулжа 202314:17 Бишкек Govori.TV

Сүйүнбек Усенов Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир кун мурун «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.

Ал бул убакытка чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган. Ал эми аталган ишкананын мурдагы директору Азамат Паизов башка жумушка которулду.

Количество просмотров: 181