• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Усманов өзүнө каршы салынган санкцияларды адилетсиз деп атады

7 Баш оона 2023 12:00 Бишкек Govori.TV

Украинадагы кырдаалдан улам Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына кабылган орусиялык олигарх Алишер Усманов аны Владимир Путиндин жакын адамы деп аттоого болбой турганын белгилеп, өзүнө каршы салынган санкцияларды адилетсиз деп атады.

Усманов Италиянын Corriere della Sera басылмасына берген маегинде Европа Биримдигинин сакциялары анын бизнесине гана эмес, кадыр-баркына да зыян келтиргенин айтты.

«Менин компанияларым салык төлөө менен согушту каржылап жатат деген жемелөөлөр адилетсиз. Анткени Орусияда батыш өлкөлөрүнүн компаниялары да салык төлөгөн. Путин жөнүндө айтсам, ооба, ал мени ийгиликтерим үчүн бир нече жолу сыйлаган. Бирок ал кезде чет өлкөлүктөр деле ошондой сыйлыктарга талапкер болуп келишкен», – деди Усманов.

Ал журналисттин «Украинага кол салуу туура болгонбу?» деген суроосуна так жооп берген жок. «Мен саясаттан оолак болуп, адамдарды бөлгөн эмес, бириктирген тармактарда иш алып барууну туура көрөм. Бул трагедиялуу жаңжал жакында дипломатиялык жол менен аяктайт деп үмүттөнөм», – деди ал.

Алишер Усманов — курамына «Металлоинвест», «Удоканская медь» жана «МегаФон» компаниялары кирген USM тобунун ири акционери болуп эсептелет. ЕБ өлкөлөрү аны 2022-жылдын 28-февралында «Путин менен өзгөчө жакын байланышы» үчүн санкциялык тизмеге киргизген. Усманов бул чечим боюнча сотко кайрылган, бирок азырынча чечим чыга элек.

Быйыл январда бизнесмен Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгууга арыз берип, бул чечимин «пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы» менен түшүндүргөн.

Количество просмотров: 81